Бул кыскача маалымат бизге эң жакшы жол менен жумушка даярданууга жардам берет.
Биз сизге берилген маалыматтын толугу менен конфедициалдуу болооруна кепилдик беребиз. Эгерде сиздин өзүңүздүн техникалык тапшырмаларыңыз болсо – мунун ордуна сиздин техникалык тапшырмаңызды бериңиз, жетишпеген маалыматтарды чогулушта тактап беребиз.
Кыскача маалымат толтурулгандан кийин, биз сиз менен байланышабыз. Ал эми кийинки жолугушуу биздин кеңседе болот
Биз имараттардын жана курулуштардын сейсмикалык туруктуулугун эсептөө боюнча иш-чаралардын толук комплексин ишке ашырабыз, ошондой эле имараттарды жана курулуштарды эсептөө тартибине байланышкан бардык маселелер боюнча кеңештерди беребиз.
Сейсмикалык туруктуулук имараттардын, өндүрүштүк курулуштардын маанилүү техникалык мүнөздөмөлөрүнүн бири болуп саналат, ал алардын жер титирөөгө туруктуулугунун деңгээлин аныктайт. Бүткүл адамзат үчүн эң коркунучтуу жаратылыш кырсыктарынын арасында күчтүү жер титирөөлөр өзгөчө орунду ээлейт. Биздин өлкөнүн шартында жер титирөөгө туруктуу курулуш маселеси өзгөчө мааниге ээ, анткени биз сейсмикалык коркунучтуу жана сейсмикалык күчүнүн интенсивдүүлүгү 7, 8 жана 9 балл болгон региондордо жайгашканбыз.
Эсептөө этаптары
Техникалык тапшырма
Сиз инженер-конструктордун техникалык тапшырмасын бизге жөнөтөсүз
Эсептөө
Сейсмикалык эсептөө боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашырабыз